Акыйкатчынын короновирус шарттарындагы иштери: Ош шаарында жана Ош облусунда короновирусту таркатпоого карата Мэриянын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүлдү
24/03/2020 - 09:55
2020-жылдын 23-мартында Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана Ош олусундагы өкүлчүлүгү короновирусту таркатпоого карата Мэриянын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүштү.
Акыйкатчы өкүлчүлүгү байкоо жүргүзүү үчүн Ош.ш. борбордук базарын ошондой эле Т. Сатылганов атындагы жана А. Навои атындагы эч алуучу парктарды кыдырышты.
Азык-түлүк саткан гана жактар иштебесе, базардын калган бөлүктөрү жабык. Эшикте киши аз. Анча-мынча көчөдө жүргөндөр беткапчан жүрүшөт.
Андан тышкары коомдук транспорт дагы токтотулган. ӨКМ (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин) транспорт каражаттары таң эрте көчөлөрдү дезинфекциялоо менен алек.