Акыйкатчынын короновирус шарттарындагы ишмердиги: облустук жана региондук штабдарда мониторинг жүргүзүү улантылууда
2020-жылдын 25-мартында Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү облустук штабга жана Каракол шаардык штабында Ысык-Көл облусу боюнча короновирусту жайылтпоо профилактикасына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда аныкталгандай, азык-түлүк продукциялары, ун, май жана ооруканаларга керектелүүчү каражаттар жүктөлгөн жүк ташуучу машиналар блокпостон өтө албай кыйналышкан. Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен жүк ташуучу унааларды блокпосттон өткөрүү тездетилди.
Андан тышкары, 2020-жылдын 24-25-мартында өкүлчүлүктүн кызматкерлери дарыканаларды жана сатуучу точкаларды текшерүүгө чыгышкан. Кызматкерлердин маалыматы боюнча, дарыканаларда беткап жетишсиз. Андан тышкары аларга дарыканада иштеген кызматкерлердин айтымында, антисептиктер, сасык тумоого каршы дарылар, дене-табынын көтөрүлгөнүн түшүргөн дарылар (дибазол, парацетамол, оксолин, арбидол, триазавирин, рибомунил) дагы жетишсиз.
Караколдун дүкөндөрүндө азык-түлүк жетиштүү.
Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү облустук, шаардык жана райондук штабдар менен бирге иш алпарып жатышат. Райондун жана шаардын чыга бериштеринде блокпосттор коюлган, транспорттук каражаттар өткөрмө уруксатын көрсөтүлгөндөн кийин гана өткөрүлүп жатат.