Акыйкатчынын коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ыраазычылык кат

18/08/2020 - 10:51

КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы өкүлдөрү мигранттарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө, алардын укуктарын коргоого  ар тараптуу көмөк көрсөтүп келишүүдө. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын электрондук почтасына келген төмөнкү ыраазычылык катты өзгөрүүсүз беребиз.

Биз жолдошум экөөбуз Москва шаарында иштечүбүз, Кыргызстанда капысынан Атабыз ооруп, оор абалда ооруканага жатып калганына байланыштуу, Кыргызстанга кетүүгө мажбур болдук. Кыргызстанга  эң жакынкы күндө авиарейс Екатеринбург шаарынан учканына байланыштуу, Екатеринбург шаары аркылуу кетүүгө аракет кылдык. Биз Екатеринбург шаарына келип, Екатеринбургдагы диаспорага кайрылсак, бизди кабыл албай коюшту. Екатеринбург шаарында эч кимибиз жок, жашаган жерибиз да жок болгонуна байланыштуу аябай оор абалга туш болуп калдык. Барар жерибиз жок, көчөдө турсак жолдон өтүп бара жаткан азият улутундагы Мадина ысымду аял бизге Белеков Жыргалбек Сабырбековичтин телефон номерин берип, биз сыяктуу кыйналып жана турмуштун ар кандай оор абалына туш болгондордун далайына жардам берип, туура багыт көрсөткөнүн айтты. Биз да Жыргалбек Сабырбековичке кайрылып, жашоодо акыйкаттын бар экенине күбө болдук. Биз кайрылган күнү, офисине чакырып, жылуу кабыл алып, мыйзам түрүндө тийиштүү чараларды көрүп, Кыргызстанга келишибизге абдан чон жардам берди.

Биз үй-бүлөбүз менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Урал Федералдык окуругундагы ыйгарымдуу өкүлү Белеков Жыргалбек Сабырбековичке   жана үй-бүлөсүнө, узун өмүр, чың ден соолук, иштерине ийгилик каалайбыз жана терең ыраазычылык билдиребиз. Аллах  ыраазы болсун, сизге Жыргалбек Сабырбекович, терең  урматтоо менен Сабировдордун үй-бүлөсү. 14.08.2020”.