Акыйкатчынын көмөгү менен мекендешибиз Кыргызстанга келди

19/08/2019 - 12:00

Н.П. Данилова аттуу мекендешибиздин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө Акыйкатчы көмөк көрсөткөнү үчүн, Токон Мамытовдун өзүнө ыраазычылык айтып, бүгүн 2019-жылдын 19-августунда эне жана кыз ДаниловаларАкыйкатчынын кеңсесине келишти.

Россия Федерациясынын Нижневартовск шаарына 2007-жылы иштеп келүүгө чыгып кеткен, 1965-жылы туулган апасы Н.П. Данилованы Кыргызстанга кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн Акыйкатчыдан өтүнүп, Бишкек ш. тургуну В.А. Данилова кайрылганын мурдараак басма-сөз кызматы маалымдаган.

Арызда жазылгандай, Н.П. Данилованын ден-соолугу солгундап, ошондой эле Бишкек ш. 200-жылы алган паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен.

Аталган арыз боюнча КР Акыйкатчы (Омбудсмен) КР Тышкы иштер министрлигине жана ТИМ Консулдук кызмат боюнча департаментке кат жолдогон.

Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин КР Екатеринбургдагы генералдык консулу тарабынан Мекенге кайтууга күбөлүк жазылып берилип, РФ Ханты-Мансийк жана Ямало-Ненецк автономиялык аймактар боюнча Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Айдаров мекендешибизге авиабилет сатып алып, “Сургут-Бишкек” каттамына салып жиберген.

Акыйкатчынын кабылдамасында эне жана кыз Даниловалар кубанычынан чыккан жашты жашыра алышкан жок. Н.П. Данилова өзү үмүт менен айткандай, “эми ден-соолукту жана документтерди калыбына келтирүүгө өз үйүндө дубалдар дагы жардам берет”.

Биздин мекендешибиз көмөк көрсөткөндүгү үчүн укук коргоочуларга өзүнүн ыраазычылык катын таштап кетти.