Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин С.Аблаевага 75 миң сом компенсация төлөнмөй болду
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Ысык-Ата ҮМБнын психиатры С.Аблаева кайрылган. Кайрылууда ал "катуу пандемиянын биринчи башталышында ал эпидемияга каршы жигердүү иштеп, "Ак-Тилек" постунда нөөмөттө турганын” белгилеп, мүмкүн болушунча өзүн инфекциядан коргогонун жазат.
Арыз ээси андан ары дем алуусу начарлап, эсин жоготуп, “Тез жардам” унаасында ооруканага жеткирилип, андан кийин реанимацияга түшкөнүн жазат. 2020-жылы 9 -июлдан 5 -августка чейин ал коронавирустун оор түрү менен дарыланган. Эки тараптуу пневмония. Дем алуу органдарынын II-III стадия сезгенүүсү диагнозу коюлган.
Арыз ээси "кызыл аймакта" иштегенине карабай, тиешелүү акчалай компенсация ала электигине даттанган.
Ошл себептен, С.Аблаева Акыйкатчы институтуна 2021 -жылдын 24 -февралында кайрылган.
Бул арыз боюнча Акыйкатчы институту алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине (02.26.21, 03.11.21, 06.07.21, 07.08.2021) 4 кат жөнөткөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (31.03. 21-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Президентине (13.04.2021) кат жөнөтүлгөн.
Буга жооп катары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен 4 кат келип түшкөн (13.04.2021, 26.04.221, 05/20/21, 08.03.2021).
Белгилей кетчү нерсе, жогоруда айтылган жооптордун баары тең маңыздуу болгон эмес, жумшак айтканда, үстүртөн жооп берилген. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ж.М. Рахматуллаев кол койгон 03.08.2021 -жылдагы акыркы жообунда гана Ысык-Ата ҮМБнын дарыгери С.А. Аблаева бир жолку компенсация төлөө үчүн документтерди кароо комиссиясы тарабынан КРӨнүн 11.01.2021-жылдагы №1 токтомуна ылайык, 75 000 (жетимиш беш миң) өлчөмүндө компенсация төлөө протоколуна киргизилгендиги маалымдалды.
Бул маселе дагы эле КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн көзөмөлүндө турат.