Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин арыз ээсинин эмгек укугу тикеленди

03/05/2019 - 11:07

КР Акыйкатчы аппаратына арыз менен  жаран М.К кайрылып,  сот отурумуна мониторинг жүргүзүүнү суранган. Ал Ленин  райондук сотунда каралып жаткан жарандык иште  доогер эле, жумушуна кайра тикеленүү, аргасыз бош жүргөн күндөрү үчүн компенсация төлөтүү талаптарын койгон болчу.

Сот отурумуна мониторинг жүргүзүүдө судья Ж.Жумабаева тарабынан эч кандай процессуалдык ченемдерди бузуу катталган жок. Акыйкатчы аппаратынын пикиринде, судья бул ишти обьективдүү, калыс акыйкат карап мыйзамга негизделген адилеттүү чечим кабыл алып, М.К.ны жумушуна кайра тикелөө жана аргасыз иштебей жүргөн мезгили үчүн  ага компенсация төлөө чечимин чыгарды. Болгону моралдык компенсация төлөтүү боюнча гана баш тартты. Анткени арыз ээсинин моралдык зыян тартканы боюнча жетишээрлик далилдер берилген эмес эле.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул иш мурда биринчи жана экинчи инстанциянын соттору тарабынан каралып, М.К. арызын канааттандыруудан баш тартылган эле. Алар колунда видео материал турса да доогердин эмес эмес, жоопкердин тарабында болгонуна макул болушкан эмес эле.  Доогердин арызын КР Жогорку соту гана кылдат жана калыс карап, буга чейинки чыккан чечимдерди жокко чыгарып, ишти Ленин районуна кайра кароого жөнөткөн эле.

Арыз ээси М.К. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине анын арызына астейдил мамиле жасап, моралдык жана укуктук колдоо көрсөтүшкөнү үчүн жана сот отурумдарына мониторинг жүргүзүп беришкени үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.