Акыйкатчынын кийлигишүүсүндө айлык акы өндүрүлдү

25/11/2020 - 13:54

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына  Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүнүн тургуну  Т. Ы-дан арыз келип түшкөн.

Арыз ээси Бишкек шаарынын Кубинская көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде 2020-жылдын  сентябрь айында иштегенин,  бирок цехтин ээси  эмгек акысын бербей, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кемсинтип, укугун бузганын жазган.

Ал өз арызында жалгыз бой жана турмуш шарты оордугун,  маңдай тери менен тапкан эмгек акысын өндүрүп, Динара атту аялга чара көрүп, укугун  коргоп берүүнү суранган.

Бул арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, маселени чечүү боюнча Бишкек шаардык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамдекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгына жана Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына кат жөнөтүлдү.

Биринчи май РИИБнын тергөөчүсү У. Ниязбеков менен арыз ээси Т. Ы-нын укугун калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада арыз ээсин тигүү цехинин ээси Динара менен беттештирилип, айлык акысы өндүрүлүп берилди.

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовго жана Акыйкатчы Аппараттын кызматкерлерине жазуу жүзүндө ыраазычылык билдирген.