Акыйкатчынын кеңсеси Жаңы жылдык каникул күндөрү да иштейт
02/01/2020 - 13:58
КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов атайын буйрукка кол койду. Ага ылайык КР Акыйкатчы аппаратынын жооптуу кызматкерлери майрам күндөрү 1-январдан 7-январга чейин кезектешип иштешет. Алар эртең менен 9-00дөн 18-00 чейин жарандарга укуктук кепкеңештерин беришет. Ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларды алышат.
Ошондой эле 115 Шыр байланыш кызматы демейдегидей иштеп жатат. Ага республиканын ар кайсы булуң-бурчунан стационардык телефондордон, ошондой эле бардык уюлдук телефондордон акысыз чала алышат.