Акыйкатчынын кайрылуусунан кийин психиатриялык ооруканаларда тамак-ашка бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйдү

20/05/2025 - 10:14

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын кайрылуусунан кийин психиатриялык ооруканалардагы бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн акча эки эсеге көбөйдү. 

Жамиля Жаманбаева психиатриялык ооруга чалдыккандар камкордукка жана жардамга муктаж жарандар экенин белгилеп, алардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бөлүп келет.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Республикалык психиатрия жана наркология борборунда жана Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын тамак-ашынын сапатына жана шарттарына мониторинг жүргүзүштү. 

Изилдөө учурунда бейтаптардын тамак-ашынын сапатынын начар экендиги аныкталган. 

Алсак, Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 96,25 сом сарпталат. 

Ал эми,  Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 65,70 сом бөлүнөт. 

Бул сумма бейтаптарды пайдалуу, организмди керектүү заттар менен чыңдай турган тамактар менен камсыздоого жетпейт. 

Акыркы жылдардагы азык-түлүккө баанын өсүүсүнө карабай, бейтаптардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 2017-жылдан бери өзгөргөн эмес. 

Салыштырмалуу өлкөнүн түштүк аймагында, ушундай эле дарылоо мекемелеринде  бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогору. 

Мисалы, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптардын тамагына - 170 сом, Ош шаарындагы облустук психиатрия жана наркология борборунда - 250 сом, Жалал-Абад облустук психиатрия жана наркология борборунда - 159 сом бөлүнөт. 

«Ооруканаларда терапиялык тамактанууну уюштуруу жөнүндө» нускамасына ылайык (2017-жыл, №746) сапаттуу тамактануу  дарылоо процессине жакшы өбөлгө болот. Ошондуктан, бейтаптарга төрт маал,  керектүү азык-заттар менен камсыз болгон тамак-аш берилиши шарт. 

Анын негизинде, Жамиля Жаманбаева бейтаптардын тамактануусуна акчаны көбөйтүүнү сунуштап Министрлер Кабинетинин төрагасына кат жолдогон. 

Акыйкатчынын сунушунун негизинде, 2025-жылдын апрель айынан тарта Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 180 сомго, ал эми, Чым-Коргондогу Республикалык психиатриялык ооруканадагы 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 130 сомго чейин жогорулады. 

Андан сырткары, аталган ооруканалардын жетекчилери тартиптик жазага тартылды. 

Акыйкатчы Институту өз мандатына ылайык,  бейтаптардын шарттары, тамак-аш, дарыланууга болгон укуктарын камсыздоо максатында мониторинг жүргүзүүнү улантат.