Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү Садовое айылындагы көйгөйдүн чечилишине көмөк көрсөттү

21/01/2021 - 16:08

Садовое айылында суу  түтүгү алты ай мурун жарылып, ал жактагы тургундардын бир нече ирет даттануусуна карабастан, оңдолбой жаткан түтүктүн калыбына келүүсүнө Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү  көмөк көрсөттү. 

Атап айтканда, аталган айылдын тургуну Р.Ю. айткандай, өзү жашаган Украина көчөсүндө жарым жыл мурун түтүк жарылып, суу мамыларды дагы, тосмолорду дагы жууп кеткен. «Таза суу дарыядай агат. Жакында түркүк кулайт, ал зымдардын жардамы менен гана турат. Жакын арада үй дагы кулап түшөт окшойт ”, - деген кооптонуп. Мындан тышкары, ал арыздарга эч ким жооп бербей жатканын белгилеген.

Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-беренесине ылайык, ар бир жаран өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу экенин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудменинин) Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Чүй облусунун Москва районунун Мамлекеттик администрация башчысы-акими М. Карагуловго, Чүй облусунун Москва районунун прокурору К. Нуруллаевге "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары алардын карамагындагы аймакта аткарылбай жаткандыгын билдирип, тиешелүү кайрылууларды даярдап, жөнөтүшкөн.

Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн сигналына ыкчам жооп кайтарып, өз ыйгарым укуктарынын чегинде Садовое айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамынын бузулушун четтетүү боюнча сунуш киргизген. Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 14-январдагы жообуна ылайык, Садовое айылынын Украина көчөсүнүн суу түтүк тармагындагы авария калыбына келтирилди.

Акыйкатчы (Омбудсмен)  институтуту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына маселенин масштабына карабастан жергиликтүү маанидеги маселелерге көбүрөөк көңүл буруп, улуттук мыйзамдардын талаптарын сактоо зарылдыгына көңүл бурат.