Акыйкатчынын аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 5 областта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүштү

10/04/2023 - 11:56

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй областтарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого мониторинг кылышты.

Шайлоо белгиленген баардык областтардагы бир нече шайлоо участокторунда күн бою добуш берүүнүн жүрүшү байкоого алынды.

Белгилей кетсек, ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаганга байланыштуу Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй областтарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына шайлоо өткөрүлдү.  

Ошондой эле алгачкы жолу депутаттарды шайлоодо Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай  жана Ак-Татыр аймактарында электрондук добуш берүү пилоттук режимде сынактан өткөрүлдү.