Акыйкатчынын Ардак грамоталары жеринде тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытовдун 2019-жылдын 30-октябрындагы №204 буйругу менен республикабыздын аймагындагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Акыйкатчы институту менен биргеликте, адам укугун коргоодо алып барып жаткан жигердүү иштери үчүн Маалымат жана басма сөз кызматкерлери Акыйкатчынын Ардак Грамотасы менен сыйланышкан.
Акыйкатчынын сыйлыгына "ЭлFM" радиосунун жетекчиси Жалиев Таштемир Жалиев Таштемир Раимжанович жана ЭлТР телерадио компаниясынын тележурналисти, 1-категориядагы редактор Тохтасинова Киздаркан Эгамбердиевна да татыктуу болгон.
Сыйлыкка татыктуу болгондорго Ардак грамоталары жеринде тапшырылды. Т.Жалиевге Акыйкатчынын Ардак Грамотасын Акыйкатчынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымов тапшырды.
Ош шаарында иш сапары менен жүргөн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын Жарандарды кабыл алуу жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Келсинбек кызы Керемет менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш. Касымов, ЭлТР телерадиокомпаниянын жетекчилиги менен жолугушуп, К.Э.Тохтасиновага Акыйкатчынын сыйлыгын тапшырды жана Акыйкатчынын атынан адам укугун коргоодогу биргеликте алып барып жаткан иштерине ийгиликтерди каалашты.
Сыйлык ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Т.Б.Мамытовго терең ыраазычылык билдирилип, адам укуктарын коргоо боюнча маселеде Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен мындан ары да дайыма кызматташуу тууралуу сөз болду.
Талас облусунан сыйлангандарга Ардак грамотаны КР Акыйкатчысынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Узакбаева тапшырды.