Акыйкатчынны орун басары АКШ Миссия башчысынын орун басары менен жолукту

24/09/2022 - 12:00

Бүгүн, 24-августта Акыйкатчы аппаратынын кеңсесинде Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов АКШ Миссия башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кристиан Мур жана АКШ элчилигинин Саясий экономика бөлүмүнүн кеңешчиси Рэйна Фарнсворт менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча кырдаал, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2022-жылдагы Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасынын маанилүү маселелери тууралу сөз болду. Альберт Колопов өз кезегинде, Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жана алдыда турган инститттун артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

Тараптар мындан ары да ич ара кызматташтыкты уланта беришерин белгилешти. Маалымат үчүн айтып кетсек, Кыргызстан жана АКШ БУУ, ЕККУ, С5+1, ТИФА, БТУжана башка көп тараптуу аянтчалардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча аракеттерди көрүп келишет. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук база:41 эл аралык жана 22 ведомстволор аралык келишимден турат.