Акыйкатчыга тергөөчүнүн аракетсиздигине даттануу түшкөн

18/03/2019 - 12:08

КР Акыйкатчысынын наамына  жаран М.А. кайрылып,  2018-жылдын башында Аламүдүн базарында коопсуздук кызматында иштегенин, анан кезектеги нөөмөттө Таш-Рабат чакан базарындагы постто турган кезде мас абалындагы кесиптеши тарабынан сабалганына даттанган. Натыйжада, арыз ээси баш мээси катуу чайкалган (СМЭ корутундусу бар), бирок бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес, анткени Свердлов РИИБ тергөөчүсү А.Осмоналиев аракетсиздик кылган жана өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасаган деп эсептейт, арыз ээси.

2018-жылдын 19-сентябрында М.А. ИИБге  Аламүдүн базарынын кызматкерине карата чара көрүү тууралуу кайрылган.  Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын кызматкери К.Иманалиев 2018-жылдын 19-сентябрындагы токтому менен, арыз ээсине келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн  соттук-медициналык экспертиза дайындаган, ал КР Саламаттык сактоо министрлигинин соттук медициналык экспертиза боюнча  республикалык борборунун өндүрүшүндө болгон.

Бирок соттук-медициналык экспертизанын корутундусун күтпөй эле тергөөчү А.Осмоналиев кылмыш ишин козгобоо токтомун кабыл алган.

Арызды кароонун алкактарында КР Акыйкатчысы тарабынан тийиштүү суроо-талап Свердлов райондук прокуратурасына жолдонгон жана арыз көзөмөлгө алынган.

Свердлов райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн натыйжасында Свердлов РИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Осмоналиевдин  токтому четке кагылып, текшерүүнүн материалдары сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ИИБ тергөө кызматына жөнөтүлгөн.

 Жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, ишти кароодо Свердлов РИИБ тергөөчүсү тарабынан талаптагыдай каралган эместиги көрүнүп турат. Натыйжада арыз ээсинин укуктары бузулган.