Акыйкатчыга кайрылган Р.М. арызын кайтарып алды

09/12/2019 - 15:13

Социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегментинде аялы менен күйөөсү чатакташып, аялы ага кийим-кече алып берүүсүн талап кылган видео материал тарап кеткен болчу.  Аялды атайылап ошондой деңгээлге жеткирип, аны видеого тартуу жана жайылтуу туура эместигин социалдык тармактын колдонуучулары айтып чыгышкан.  Аялдын кадыр-баркына шек келтирген бул видеону таратпоо сунушу менен Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери да айрым иштерди жүргүзүшкөн.

Бул иш резонанстуу болгондуктан КР Акыйкатчысы Токон Мамытов  Омбудсмен аппаратынын Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо бөлүмүнө жана КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнө тийиштүү тапшырмаларды берген.

Акыйкатчынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жерине барып, жаран Р.М. менен   жолуккан. Андан өз колу менен жазылган арызын алган. Бирок, ал арыз өнүдүрүшкө алынып, ал боюнча иштер жүргүзүлө баштаганда эле, Р.М. мурдагы күйөөсү кечирим сураганын, анын видеону тартканы жана таратканы боюнча эч кандай дооматы жоктугун маалымдап кайрылган. Ошентип, бул арыз кароосуз калтырылган.