Акыйкатчыга кайрылган арыз ээсине тиешелүү жер үлүшү документтештирилип берилет

21/09/2021 - 17:35

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменин) Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн наамына, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну А. Д. арыз менен кайрылган. Арызда Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин шалаакылыгынан, жер үлүшү атайын каттоодон өтпөй, картага түшпөй калып, жерди башка бирөөгө берип салганы маалымдалган. Арыз ээси КР Акыйкатчысынын өкүлүнөн жер үлүшүмдү кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Арыздын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында Ак-Суу району Боз-Учук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн берген маалыматы боюнча 2021- жылдын күзгү оруу-жыюу иштери аяктагандан кийин,  жерлерди инвентаризациядан өткөрүп, үй бүлө мүчөлөрүнө мыйзам чегинде тийиштүү жер үлүшүн документтештирип берээрин билдиришти.

 Арыз ээси жазуу жүзүндө ыраазычылык билдирди.