Акыйкатчы «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун директору менен жолугушту
Акыйкатчы Токон Мамытов «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун директору Игорь Беляев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жетим балдардын жана республиканын балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн укугуна байланыштуу маселелер талкууланды.
Атап айтканда, Кыргызстандагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жумушка орношууда, билимин жогорулатуу үчүн ЖОЖ тандоодо, ошондой эле социалдык коомго жана “чоңдордун жашоосуна” аралашууда туш болгон көйгөйлөр айтылды.
Мындан тышкары, И. Беляев коомдук фонд дун өкүлдөрү Акыйкатчы институту менен биргеликте, Акыйкатчы аппаратынын алдында түзүлгөн “115 шыр байланыш” кызматынын мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу менен жетим балдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана акыл-эсинин өнүгүүсүнөн артта калган балдарга укуктук жана социалдык багытта жардам бере ала турган долбоорлоруна токтолду.
Өз кезегинде Токон Мамытов Акыйкатчы институту аталган фонддун долбоору менен дыкат таанышып,эгерде ал Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына туура келсе, мыйзам талабына жана башкы укук коргоочунун ыйгарым укуктарына таянып долбоорду ишке ашырууга катышаарын билдирди.