Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарын Искра айылындагы эки кабаттуу үйдүн жашоочуларынын маселесин чечүүгө чакырды
Чүй облусунун Искра айылындагы №1 Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаевага турак-жай маселесин чечүүгө жардам сурап кайрылышты.
Социалдык стационардын кызматкерлеринин айтымында, мекемеге таандык эки кабаттуу көп батирлүү үйдүн канализациясы иштебей, алар кооптуу шартта жашоого аргасыз.
Институттун кызматкерлери барган учурда кызматтык үйдүн жертөлөсү саркынды сууга толуп турган. Мындан тышкары, биринчи кабаттагы батирлердин дубалдары нымданып, көгөрүп, түтүктөр дат басып, жагымсыз жыт чыгат.
Мекеменин директору көйгөйдүн негизги себеби Искра айылындагы 13 жылдан бери иштебей турган канализация насостук станциясы экенин билдирди.
«Кызматтык турак үйлөрдүн канализация системасы Токмок шаарынын борбордук канализация тармагына туташкан эмес.
Жертөлө суу каптаганда, биз өз эсебинен атайын техника чакыртып, бул сууларды сордуруп турабыз. Бирок бул убактылуу гана чара», — дейт №1 Токмок эркектер психоневрологиялык социалдык стационарынын жетекчиси.
Кызматтык батирлерде жалпысынан 203 адам жашайт. Алардын ичинен 73и жашы жете элек балдар жана 15и улгайган жарандар.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Конституциянын 49-беренесине ылайык, ар бир адамдын жашоого жана ден соолукка жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу экендигин белгилейт.
Акыйкатчы Министрлер Кабинетине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Чүй облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып, Искра айылындагы кызматтык үйдү Токмоктун борбордук канализациясына туташтыруу маселесин ыкчам кароону сунуштады.
Омбудсмен Институтунун кызматкерлери иш сапарынын жүрүшүндө №1 Токмок шаардык психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеменин жашоочуларына санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо берилбегендиги аныкталды. КРнын «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына ылайык, майыптыгы бар адамдар беш жылда бир жолу республикалык бюджеттин эсебинен санаторий-курорттук дарыланууга укуктуу.
Иш жүзүндө мекемеден кызмат алгандардын санаторий-курорттук мекемелерге баруусу демөөрчүлүк жана кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен уюштурулат.
Мындан тышкары, стационардын имараты оңдоого муктаж жана бейтаптардын саны да талаптан ашык.
Мекемеде 300 майыптыгы бар адам социалдык кызматтарды алып жашашат.