Акыйкатчы жашы жете элек балдарга карата зомбулук учурлары боюнча кайрылуу жасады

31/03/2023 - 17:19

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова жашы жете элек балдарга карата жасалган зомбулук фактыларына байланыштуу кайрылуу жасады.

Бүгүн, 31-мартта болгон басма сөз жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарды жасоо фактыларынын көбөйгөнүнө жашы жете элек кыздарды айыптап, алар эркектер менен өздөрү жыныстык байланышка барышарын айткан.  

“Балага карата зомбулук эң кооптуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул баланын физиологиялык, психологиялык, социалдык жана сексуалдык өнүгүүсүнө коркунуч жаратат, анын кийинки жашоосуна зыяндуу кесепеттерди алып келет. Бүткүл дүйнөдө балдарга карата сексуалдык зомбулук балага катаал мамиле кылуунун түрү катары саналат. Коом балага каршы жасалган кылмыш - бүткүл Кыргызстан үчүн нарксыз, уяттуу көрүнүш экенин түшүнүүгө тийиш”,-деп билдирди А. Абдрахматова.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы укук коргоо органдарынын кызмат адамдарын бала тууралуу бир нерсе айтуудан мурда ар бир айтылган сөзгө жана аракеттерге жоопкерчилик алууга жана түшүнүүгө чакырды.

“Балдардын психологиялык саламаттыгына кам көрүүгө, аларга ашыкча көңүл бурдурууга жол бербөөгө, алардын жан дүйнөсүн жабыктырбоого чакырам”,-деп баса белгиледи ал. 

Акыйкатчы Балдар жөнүндө кодекстин 94-беренесин  (кылмыш жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек, жашы жете элек укук бузуучуну коргоо) сактоонун зарылдыгын өзгөчө белгилейт. Аталган беренеде жашы жете электер тарабынан жасалган, кылмыш жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек укук бузууларга байланыштуу баардык маалыматты, анын ичинде жеке маалыматты, тактап айтканда түз жана кыйыр түрдө да анын ким экенин аныктоого мүмкүндүк бере турган кандай гана маалыматты болбосун жарыялоого тыюу салынат.

Ошондой эле КРнын Акыйкатчысы баардык массалык маалымат каражаттарына  кайрылып, балдарга заян алып келе турган материалдарды жарыялабоону өтүнөт.

“Негизинен жашы жете электер тартылган фото жана видео материалдарды жарыялабоого жана жайылтпоого чакырам. Баланын психологиялык саламаттыгына камкордук кылуу менен, ага карата ашыкча көңүлдү бурдурууга, ага психологиялык жаракат бербөөгө умтулуу кажет. Анткени массалык маалымат каражаттарынын ролу абдан жогору. Балдарды коргоонун эң маанилүү шарттары болгон балдардын кызыкчылыктарын сактоо принциптерине таянуу менен Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын 17-беренесин сактоону жана балдарга (тактап айтканда, он сегиз жаш курагына жете элек тараптарга) ар түрдүү улуттук жана эл аралык булактардан, өзгөчө социалдык, руханий, моралдык бакубаттыгына багытталган, ошондой эле сак-саламаттыгы менен психикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө турган маалыматтар менен материалдарды жеткиликтүү камсыздоону өтүнөм”,-деп айтылат Акыйкатчынын кайрылуусунда.