Акыйкатчы жарандардын эмгекке болгон укуктарынын так сакталышын көзөмөлдөөгө чакырды
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Ысык-Көл обулусунун Т. Т. аттуу тургуну “Лонг-Хай” ишкананасы айлык маянасын бербей жатканын айтып, укуктук жардам сурап кайрылган.
Акыйкатчы жарандардын эмгекке болгон укуктарынын так сакталышын көзөмөлдөөгө чакырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жолдогон.
Облус тургуну 2015-жылдан 2023-жылга чейин жогоруда аты аталган ишканада эмгектенген. Ага акыркы 2 айдагы маянасын жана эмгек өргүүсүн төлөп беришкен эмес.
Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылуусунан майнап чыккан эмес.
Тиешелүү мамлекеттик мекемелер 2024-жылы 9-январынан тарта ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салган жарлыкты негиз кылып, анын арызын кабыл албай коюшкан.
Акыйкатчы Институту жарандын эмгек акысын калыбына келтирип берүү зарылдыгын белгилеп, Балыкчы шаардык прокуратурасына, Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдындагы эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматына караштуу Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгына, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына, Балыкчы шаардык ИИБне кат жолдогон.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн кийин гана тиешелүү мамлекеттик органдар “Лонг-Хай” ишкананасынын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу чечимин кабыл алышкан.
Жыйынтыгында, Т. Т. үч жылга жакын аралыкта ала албай келген эмгек акысын 2025-жылдын 16-апрелинде 155 357 сом өлчөмүндө алды.