Акыйкатчы жарандарды онлайн форматында да кабыл алат

27/04/2022 - 15:06

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен жарандарды онлайн кабыл алуу болот. 

Акыйкатчы алгачкы ирет Чүй облусунунун тургундарын 2022-жылдын 29-апрель күнү саат 10-00дөн 17-00гө чейин онлайн кабыл алат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0312-66-32-80, 0312-62-15-90, 0312-62-15-95 жана 0500-88-83-83 (WhatsApp) номерине кайрылыңыздар.

Бул тажрыйба Акыйкатчы институтунда ар айдын акыркы жумасынын жума күнүндө өткөрүлүп турарын маалымдайбыз.