Акыйкатчы жана жарандык коом уюмдары Кыргызстандагы теңчилик жана басмырлабоо маселелерин талкуулашты

23/03/2022 - 14:57

Бүгүн, 2022-жылдын 23-мартында КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова жана КРдагы 36 коомдук уюмдарын жана эксперттерин, жарандык активисттерин жана жарандык коом өкүлдөрүн бириктирген Теңчилик үчүн коалициясынын өкүлдөрү менен жолугушту.   

Жолугушуу учурунда Коалиция мүчөлөрү Акыйкатчыга өз ишмердигинин башкы багыты өлкөдө дискриминацияга (басмырлоого) каршы мыйзамдарды илгерилетүүгө багытталган өз ишмердиги тууралуу айтып беришти.

Атыр Абдрахматовага ошондой эле  Коалиция жана Борбордук Азиядагы Тынчтык жаратуу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан өткөрүлгөн «COVID-19 учурунда Кыргызстандагы дискриминация, зомбулук жана жек көрүүчүлүк» иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришип, Кыргызстанда жек көрүү жана басмырлоо инциденттери катталуучу ачык маалыматтардын веб-ресурсун  көрсөтүп беришти.

Акыйкатчы КР Омбудсмен  институтунун иштеринин планы тууралуу айтып, бүгүнкү күндөгү адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин ортого салды жана ар кайсы багыттар боюнча Коалиция менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында буга чейин КР Акыйкатчы институту менен Коалициянын ортосунда түзүлгөн Өнөктөштүк тууралуу меморандумдун мөөнөтүн 2022-жылдын аягына чейин узартуу маселеси чечилди.