Акыйкатчы жана ЕККУнун ПА өкүлү Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Фара Карими менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстердин өнүгүшүн, адам укуктарынын жалпы абалын, сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле шайлоо системасындагы өзгөрүүлөрдү талкуулашты.
Акыйкатчы ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясына Борбор Азиядагы адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатындагы туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жаманбаева 2024-жылы Акыйкатчы институту жарандардын өзгөчө категорияларынын укуктары жана эркиндиктеринин абалы боюнча 20 иликтөө жүргүзгөнүн маалымдады.
“Биздин изилдөөлөр негизинен кылмыш сот өндүрүшүндөгү адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, аялдар менен балдардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарына багытталды”, — деди Акыйкатчы.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Акыйкатчы Институтунун ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсеси менен кызматташуусу дагы өзгөчө белгиленип, анын жыйынтыгында 2025-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы түзүлгөнү маалымдалды. Бул документ институттун укук коргоо ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар боюнча потенциалын чыңдоого багытталган.
Фара Карими институттун демократиялык реформаларды өнүктүрүүдө жана адам укуктарын коргоодо маанилүү ролу бар экенин белгилеп өттү.
“Сиздердин иш алып барган багыттарыңыздардын кеңири экендигине күбө болдук. Сиздер демилгелерди көтөрүп гана тим болбостон, адам укуктарын анализдеп, мониторинг жүргүзүп, аналитикалык иштерди аткарып келесиздер. Ошондой эле адам укуктары жаатында маалымдуулукту жогорулатуу иштерине да басым жасайсыздар.
Демократия, адилетүүлүк жана адам укуктарын камсыз кылуу — бул үзгүлтүксүз аракетти талап кылган узак процесс. Ошондуктан, артыкчылыктуу багыттарды туура аныктап, ырааттуу иш алып баруу зарыл.
Омбудсмен болуу өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү милдет. Институттун ийгиликтүү иш алып барышы үчүн анын толук көзкарандысыздыгы өтө маанилүү”, — деди Фара Карими.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Акыйкатчы Институту менен ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө макулдашышты.