Акыйкатчы ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айымды кабыл алды

10/06/2019 - 11:06

Ушул жылдын  10-июнунда КР Акыйкатчысы Токон Мамытов БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды. Жолугушууга ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Мунир Мамедзаде, балдар боюнча мониторинг жүргүзгөн адис Толгонай Бердикеева ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын бир катар кызматкерлери катышышты.  

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар балдардын жана аялдардын укуктары, ошондой эле Кыргызстанда аларды зордук-зомбулуктан коргоого байланыштуу маселелерди  талкуулашты. Атап айтканда, төмөндөгү темаларга токтолушту: Кыргыз Республикасында балдарга карата зордук-зомбулук; Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө маселелер;Вич-инфекциясы менен жашаган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга карата ыдык көрсөтүүлөр; балдардын адилеттүүлүккө жетүүсү; мигрант-ата-энелердин кароосуз калган балдарынын укуктарын коргоо.

Юкиэ Мокуо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурда БУУ Комитетине Балдар укуктары боюнча Конвенцияны ишке ашыруу боюнча отчётун даярдап жатканын Аыйкатчыга маалымдады. Бул дүйнө жүзү боюнча быйыл 30 жылдыгы белгилене турган, өлкөдө 25 жыл мурда бекитилген,  Конвенциянын кезектеги отчёту болуп саналат.  Аталган отчёт 2014- 2019-ж.ж. аралыгын камтып, ушул жылдын ноябрь айында сунушталмакчы.  

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасына жана КР Акыйкатчы институтуна балдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо маселесин, көйгөйүн чечүүдө жардам берүүнү мындан ары да улантууга даяр-деп билдирди Юкиэ Мокуо. 

Өз кезегинде Токон Мамытов Акыйкатчы аппараты  Балдар жана энелердин коргоо жаатында ЮНИСЕФ менен тыгыз кызматташууга толук даяр экендигин айтты.