Акыйкатчы Токон Мамытов: «Жазанын кылмышка өлчөмдөш эместиги тергөө органдарына жана сот бийлигинин дарегине сын пикирлерди жаадырды»

18/05/2019 - 15:57

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты Токмок шаардык соту тарабынан З.К.га карата чыгарылган өкүмгө карата макул эместигин билдирет. З.К. 2019-жылдын 12-мартында аптеканы тоноп, бирок кийинчерээк жасаган кылмышын аңдап, милицияга өз күнөөсүн мойнуна алып келген. Ал келтирген зыяндын ордун да толтурган.

Сот органдарына бул арызды экинчи жана үчүнчү инстанцияларда кароо учурунда бир катар жагдайларды эске алып, З.К.га карата жумшагыраак, ошол эле учурда мыйзамдуу жана  адилет чечим чыгаруу зарыл деп кайрылабыз. Мындан тышкары сот жасалган кылмыштын оордугун, жүйөөсүн жана аны жасоонун максатын эске алып, кылмышкердин өкүнгөнүн жана жабыркаган тараптын пкирин эске алуу менен чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз.  

Ошондой эле эгер кылмыш жасаган тарап жабыркаган тарап менен элдешүүгө барса, келтирилген зыяндын орду толтурулса, анда кылмышкер кылмышкер жоопкерчиликтен бошошу мүмкүн деген ченемди да эске алынуусу зарыл.

Сот органдары жогоруда көрсөтүлгөн жүйөөлөрдү эске алат деген ишенимдебиз. Антпесе, биринчи инстанциядагы соттун чечими резонанс жаратып, укук коргоо жана сот органдарынын дарегине сын пикирлерди жаратты.