Акыйкатчы Токон Мамытов жарандарды кабыл алды

01/10/2018 - 14:37

Бүгүн, 1-октябрда Акыйкатчы алгачкы ирет жарандарды кабыл алды.

Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда 10дон ашык адам болуп, ар бири өз укуктарын коргоп берүүнү суранышты. Алыскы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусттарынан жана жакынкы Сокулук, Аламүдүн, Кемин райондорунан келген жарандардын көпчүлүгү соттук чечимдерге нааразычылыгын айтышып, ал чечимдерине каршы экендигин билдиришти. Турак-жай талаш, жер-талаш маселесинен тышкары социалдык көйгөйлөр менен келгендер да арбын болду.

Айрымдарын айта кетсек, Аламүдүн районунан келген аксакал К.К. небереси үйүн кредит алганга күрөөгө коюп, мага чоң атасы катары каралашпай жатканына ыйламсыраса, Кеминден келген Н. А. небереси мектеп директорунун адилеттиги жоктугунан улам сабакка барбай, депрессияда жатканын айтты. Б. О. аттуу айым мектеп директорлорун ротациялоо аракети ийгиликсиз болуп жатканын, директорлор бир мектептен экинчи мектепке которулбай, кайра эле өзүм билемдик иштерин улантылып жатканына арызданды. С. А. аттуу жаран коррупциялык жер маселеси менен 2009-жылдан бери алышып, акыйкаттыкка жетпей жүрүшкөнүн айтса, А.Б. сатылуучу 5 автоунаасын алдатып жиберип, бул ишке тийиштиги бар адамдарды табышууга көмөк сурады. Ал эми У.Т. Өзбекстан чек-арачылары тарабынан өз жеринде туруп ок жеген инисине Өзбекстан өлкөсүнөн компенсация төлөтүп ала албай жатканына нааразы болду. Ал эми К. А. менен У. Г. мураскорлук маселеси боюнча сот иштери чоюлуп, калыстык жок болуп жатканына кейишсе, О. С. менен Т.М. турак-жай талашы маселеси боюнча кайрылышты.

Ошондой эле Акыйкатчы “Наше право” жана “Движение многоквартирных домов” коомдук фондусунун жетекчиси Калича Умуралиева менен жолукту. Алар жер, турак-жай, экология маселелери боюнча пикир алышып, мындан ары бул тармакта биргеликте иш-алпарууну сүйлөшүштү.

Жогоруда айтылган ж.б. кайрылган адамдарга Акыйкатчы өз кеңешин берип, ар бир арыз-даттанууларын көзөмөлдө болоорун билдирди.

Ар бир айтылган арыз-даттануулар боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.