Акыйкатчы Токон Мамытов “Вечерний Бишкек” редакциясынын суроосуна жооп берди

16/05/2019 - 16:04

2013-жылы криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин республикадан мыйзамсыз чыгарылып кеткенине Чек ара кызматынын тиешеси бар-деген экс-мэр Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча “Вечерний Бишкек” редакциясынын журналисти Бакыт Стамов Акыйкатчы Токон Мамытовго Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку төрагасы катары комментарий сурап кайрылды. 

Токон Мамытов Нариман Түлеевдин бул ырастоосун таптакыр четке какты. 

-Мен ошол кырдаалды дароо тактап кетейин,-деди ал. Биринчиден, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эч кандай тыюу болгон эмес. Мен Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүү ниети бар экенин “Манас” аэропортунун Көзөмөл-өткөрүү пункт бөлүмүнүн башчысынан уктум. Чек арачылардын бардык иш-аракеттери толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде болгонун баса белгилеп кетейин. Көзөмөл өткөрүү пунктунун  башчысынын чалуусунан кийин мен бардык документтерди кылдат текшерип, мыйзамдын алкагында гана иш алып баруусун буйрудум. Нариман Түлеевдин ырастоолору калп жана чындыкка дал келбейт.

Экинчиден, Батукаевди өлкөдөн чыгарууга шашпаган Кыргызстандын күч органдарынын бирден-бири чек ара кызматы болгон.

Катары менен түшүндүрүп кетсем, менин буйругумдан кийин “Манас”аэропортунун  көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы Батукаевдин ЖАМК жана ИИМ берген ырастамалар, бошотуу кагаздарынан тартып бардык документтерин тыкыр текшерген. Батукаевдин паспорту өзүнүкү болчу.

Мындан тышкары, Көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы  камактан чыккан А.Батукаевдин ЖАМК тарабынан  бошотуу боюнча берилген ырастамасын жана соттун да бошотуу жөнүндө чечимин көрсөтүүнү талап кылган. Ошондой эле, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүгө жана өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы боюнча тийиштүү маалыматтар компьютердик базадан текшерилген. Батукаев Кыргызстандан тышкары чыгып кетүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде жок болчу.

Демек, УКМК дагы, ИИМ дагы, ЖАМК дагы ага эч кандай тыюу салган эмес, ошондуктан, Азиз Батукаевдин КР тышкары чыгып кетишине Чек ара кызматы тоскоолдук кылууга негиз болгон эмес. Бул боюнча ошол учурда “Манас” аэропортунда болгон ЖАМК жана ИИМ өкүлдөрү да тастыкташкан.

Кийинчирээк, аэропорттун  көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун башчысы бул иш жөнүндө депутаттык комиссиянын алдында отчет берген. Депутаттар чек ара кызматы нускаманын  талабына ылайык иштешкени жана эч кандай мыйзам бузуулар болбогону боюнча чечимин чыгарган-деп белгиледи Токон Болотбекович.