Акыйкатчы Токон Мамытов «Шоола-Көл» коомдук бирикменин өкүлдөрү менен жолукту

27/01/2020 - 13:17

Бүгүн, 2020-жылдын 27-январында, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кеңсесинде Акыйкатчы Токон Мамытов “Шоола -Көл” коомдук бирикмесининин жетекчиси Антонина Ли жана анын ассистенти Т. Сабитова менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыл-эсинин өсүүсү кечиккен жана калыптануусунда кемчилдиги бар, жаңы төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдардын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды.

“Шоола-Көл” бирикмесинин жетекчиси Антонина Линин айтымында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун дарыгерлери  менен “Шоола-Көл”  коомдук бирикмеси биргеликте үч жашка чейинки курактагы балдарды текшергенде  акыл-эсинин өсүүсү кечиккен жана калыптануусунда кемчилиги  бар ошондой эле дене боюнун өсүүсүнө байланыштуу оорулары бар балдар аныкталган.

Антонина Ли Акыйкатчыга “Шоола-Көл” 2011-жылы Кыргызстанга биринчилерден болуп калыптануусунда кемчилдиги бар  жана акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген айылдык балдар үчүн  эртелеп кийлигишүү программасынын үлгүсүн  айыл шартына ыңгайлаштырып сыноодон өткөргөнүн маалымдады.    

Токон Мамытов Акыйкатчы аппаратында адам укуктарын коргоо, өзгөчө балдардын укуктарын коргоо эң башкы орунда турарын,  Акыйкатчы аппаратынын түзүмүндө балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү иштерин айтты.  Акыйкатчы дени сак улут дени сак балдардан кураларын баса белгилеп, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеп, калыптанышында кемчилдиги бар балдарды эрте жашында аныктап ага кийлигишүү маселеси актуалдуу экенин билдирди.

Тараптар мындан ары кызматташуу  багыттарын аныкташты.