Акыйкатчы Токон Мамытов өзгөчө абал шарттарында уруксат алуу тартиби боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүүнү суранат

30/03/2020 - 09:33

КР Акыйкатчысынын атына келип түшкөн телефон чалууларды эске алып, Бишкек шаарында коменданттык ишин уюштуруу жөнүндө жеткиликтүү маалыматтын жоктугунан, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматкерлери бүгүн, 2020-жылдын 26-мартында Токтогул көчөсү 80 жайгашкан ( Абдрахманов көчөсү менен кесилишет) борбордук комендатура бөлүмүнө барышты. Барганда байкалгандай, аталган имаратта комендатуралардын жайгашкан жайы боюнча эч кандай белгилер илинген эмес. Ошондой эле автоунаа каражаттарынын жүрүшүнө уруксат алуу үчүн талап кылынган документтер жөнүндө маалымат да жок болгон.   

Айрым жарандар имараттын ичине кирип канцеляриядан кандай документтер талап кылынары жөнүндө маалымат алышкан. Эми алар тиешелүү документтер менен аталган имаратка кайрадан барууга аргасыз. Комендатуралардын кеңсесинде өткөрмө алуу тартиби жөнүндө илинген  маалыматтар жок. Кезек күтүп тургандардын арасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы, жеке  түзүмдүн да өкүлдөрү бар.  Кээ бирлер маалыматтын жоктугунан өткөрмө алууга уруксат сурап жазган каттарын ИИМге жолдошкон, эми алар кайрадан комендатуранын дарегине кайрылууга мажбур.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Акыйкатчы Токон Мамытов өзгөчө абал киргизилген шартта жүрүм-турум эрежелери жана уруксат улуу документтеринин тартиби боюнча Бишкек ш. комендатуралардын маалыматтык кампанияны күчөтүүнү суранат. Себеби, Бишкек.ш. коменданты А.К. Орозалиев тарабынан зарыл болгон учурда маршрттук баракча аркылуу шаар ичинде (дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө, медициналык мекемелерге, жумушка ж.б.) барууга болорун айткан, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери шаар тургундарынан кошумча “атайын  уруксат” кагазын талап кылышууда. А тургундарда талап кылынган “атайын уруксат” боюнча маалымат жок.