Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиядагы кесиптеши Т. Москальковага кайрылуу жолдоду

17/11/2019 - 16:16

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Т.Мамытовдун кайрылуусунда учурда Москва шаарындагы полиция участогунда мыйзамсыз кармалып турган жарандардын маселесине токтолду. Анда 2019-жылдын 16-октябрында Новокосино районунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан чыгып келе жатышкан эки жаран:  1993-жылы туулган  У. уулу А жана 1995-жылы туулган Ж.Н. кармалганын белгиледи.

Алар Новокосино милиция бөлүмүнө алып барылган. Аларга котормочу берилген эмес жана полиция участогуна түшкөнү тууралуу Кыргызстандын Элчилигине кабарланган эмес.

Акыйкатчы өз кесиптешинен мекендештерибизге укуктук жардам көрсөтүүнү жана алардын укуктарынын бузулган фактысы аныкталса, күнөөлүүлөргө чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранган.