Акыйкатчы Токон Мамытов Омбудсмен аппаратынын эмгек жамаатына жаңы шайланган орун басарын тааныштырды
Бүгүн, 2020-жылдын 19-мартында Акыйкатчы Токон Мамытов Омбудсмен аппаратынын эмгек жамаатына кечээ 18-март күнү КР ЖК депутаттары тарабынан шайланган Акыйкатчы орун басары Гүлнара Жамгырчиеваны тааныштырды.
Акыйкатчы Токон Мамытов Омбудсмен орун басары Г.Жамгырчиеваны мындай жооптуу кызмат ордуна кайрадан шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы татаал, бирок республиканын эли үчүн маанилүү болгон сыймыктуу ишине ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесинин 15-пунктуна ылайык, “Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу экиден ашпаган орунбасарлары болот. Орунбасарларды Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Жогорку Кеңеши шайлайт жана кызматтан бошотот. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары мыйзам тарабынан белгиленген гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эсепке алуу менен шайланышат.
Гүлнара Жамгырчиева 2015-жылдын январынан тартып 2020-жылдын январына чейин КР Акыйкатчысынын орун басары кызматын аркалап, социалдык-экономикалык укуктардын сакталышына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын укуктарын, улгайгандардын, аялдардын жана балдардын укуктары боюнча маселелерди жетектеген. Акыйкатчынын орун басары кызматында ал өлкөбүздүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн иштерин жетектеген, ошондой эле Омбудсмендин буйругуна ылайык Балдар Омбудсменинин милдетин аткарган.
Акыйкатчынын орунбасары кызмат ордуна биринчи мөөнөткө шайланганга чейин (2015-жыл), ал КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болгон.