Акыйкатчы Токон Мамытов №1 ТИЗОдо мониторинг жүргүздү

20/05/2020 - 16:52

Бүгүн, 2020-жылдын 20-май күнү КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери КР Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 Тергөө изоляторуна барып, Ф. Ниязов, К. Сагынбаев, М. Мискенбаев, С. Кенжебаев, Д. Ажиев, Э. Кимсанов жана Р. Жээнбеков менен жолугушуп, сүйлөштү. Жолугушуу учурунда абакта кармалып тургандар ал жактын кармоо шарттарына жана мекеменин жетекчилигине эч кандай дооматынын жоктугун билдиришти.

Кармалгандардын айрымдары адвокаттын кире албай жатканын маалымдады, сырткы байланыш жоктугун, туугандары менен байланыша албай жатышканын жана кат алышуу мүмкүн болбой жатканын белгиледи. Бирөөсү Биринчи Май райондук соту анын катышуусусуз баш коргоо чарасын узартып, абакта калтырганына нааразылыгын билдирди. Ал эми  Э.К 2018-жылы   кыскартылган кылмыш иши кайрадан козголуп, аны кармаганы негизсиз деп эсептейт, ошондой эле 3 айдан бери эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөгөнүн маалымдады. Э.К адвокатынын жазуу жүзүндөгү арызы КР Акыйкатчысынын кароосунда эле.

КР Акыйкатчысы абактагы кармалгандардын маселелери боюнча алардын адвокаттары жана туугандарынын арыздары боюнча иш жүргүзмөкчү.