Акыйкатчы Токон Мамытов коомчулуктун өкүлдөрүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады

30/08/2019 - 10:52

Адам укуктарын коргоого кошкон зор салымы жана КР Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташуусу үчүн жана КР Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карта  Акыйкатчы Токон Мамытов  коомчулуктун өкүлдөрүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.

«Акыйкат» медалы менен Улуттук энеликти жана балалыкты коргоо борборунун башкы врачынын орун басары  Назаралиева Салтанат Болсунбековна сыйланды.

КР Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:

Эргешов Туголбай Камалович – КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесинин башчысы;  

Байжигитова Жаркын Качкыновна – «Акиpress» маалымат агенттигинин башкы редактору;

Бегалиева Назгуль Абдыкуловна - КР Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;

Бекболиев Жазызбек Кенжеевич – “Кыргыз Конгресс” коомдук уюмунун мүчөсү;

Гурьева Сардана Михайловна – Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

Глухих Светлана Алексеевна - Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынынэмгек боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы.

Акыйкатчынын сыйлыгына татыктуу болгондорду куттуктап, алардын түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалайбыз.