Акыйкатчы Токон Мамытов Эл аралык Кувейт университетинин студенттерине лекция окуду жана анын жетекчилиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Эл аралык Кувейт университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Университеттин атынан бул меморандумга ЭКУ ректору Асан Ормушев кол койду.
Меморандумда белгиленгендей, анын максаттары болуп: укук колдонуу, укук коргоо, билим берүү, илимий-тажрыйба чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн жогору квалификациялуу окутуучу жана илимий кадрларды даярдоо, окуу, илимий-практикалык жана изилдөө ишмердигинде тажрыйба алмашуу, илимий-тажрыйбалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференция, адамдын жана жарандын укуктарын коргоо темасына арналган семинарларды, симпозиум жана тегерек столдорду уюштуруу саналат. Өз ара кызматташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкактарында жүргүзүлөт.
Меморандум кол коюлгандан тартып күчүнө кирет жана жылдын аягына чейин колдонууда болот, эгер тараптар каршы болбогон шартта кайрадан бир жылга узартылат.
Мындан тышкары, Акыйкатчы ЭКУнун окутуучу-профессордук курамы жана студенттеринин алдында чыгып лекция окуду, анда Акыйкатчы Институтунун иштеринин негизги багыттары, 2019-жылы күчүнө кирген кодекстерге (Жазык кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, Жоруктар жөнүндө кодлекси ж.б.) ылайык укук колдонуу тажрыйбасы тууралуу сөз болду. Акыйкатчынын расмий лекциясынан кийин ага ЭКУ студенттери көптөгөн суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.