Акыйкатчы Токон Мамытов БУУӨПтүн өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 2021-жылдын 15-сентябрында КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов БУУӨПтүн өкүлдөрү -Укук үстөмдүгү боюнча Башкы техникалык кеңешчи Симоне Бонезчи, Демократияны чыңдоо жана Укук үстөмдүгү боюнча улук кеңешчи Жеңишбек Арзыматов жана БУУӨПтүн укуктук эксперти Данияр Шаилдаев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар адам укуктарынын сакталышы маселелерин талкуулашты, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкердик чөйрөсүндө эмгек укуктарынын сакталышы талкууга алынды.
Мындан сырткары, Акыйкатчы Токон Мамытов менчик медициналык мекемелерде, билим берүү чөйрөсүндөгү орун алуучу укук бузууларга токтолду. Ошондой эле, бизнес темасы, бизнесмендердин укуктарын коргоо маселелери талкууга алынды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын мындан ары өз ара кызматташуу жолдору аныкталды.