Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тергөө судьясына жана прокуратурасына кайрылды

11/02/2021 - 14:40

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясына КР МДБ экс-муфтийи М.Токтомушевден сотко чейинки процесстин жүрүшүндө сыртка чыгып кетпөөгө, же үй камагына чыгаруу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоо мүмкүнчүлүгүн карап карап көрүү өтүнүчү менен кайрылат. Ошондой эле, учурдагы кырдаалды эске алып, Акыйкатчы прокуратурага М.Токтомушевди эркинен ажыратпаган түрдөгү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 106-б 2 –б 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй (“башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу”) же 5-пунктта көрсөтүлгөндөй (“үй камагы”) баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранат.

 Мындан тышкары, Акыйкатчы КР Конституциясынын 26-б. 1-пунктуна ылайык, “Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт” эскертет.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу өзүнүн кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин беренелеринин жогорудагы пункттарына гана таянбастан,  ислам динине болгон урмат-сыйы катары түшүндүрөт.