Акыйкатчы Токон Мамытов “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгул Турдубекова менен жолугушту

07/05/2019 - 10:07

Бүгүн, 2019-жылдын 7-майында, Акыйкатчы Токон Мамытов “Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгул Турдубекова менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө балдар укугун коргоо боюнча маселелер талкууга алынды.

Акыйкатчынын айтымында, бүгүнкү күндө мигранттардын балдарынын  укуктарын коргоо өлкө ичинде да, чет өлкөдө да курч маселеге айланды. Чет-өлкөдөгү балдардын укугун коргоо Акыйкатчы институтунун жана Россия федерациясынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башкы максаты экенин, ошондой эле мигранттардын балдарынын укугун коргоодо Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарында жашаган Акыйкатчынын ыктыярдуу өкүлдөрү белгилүү бир деңгээлде көмөк көрсөтүп жатышканын билдирди.

“Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер балдарын туугандарына калтырышып, иш издеп кетип жатышат. Ал эми  туугандары балдарды өздөрү каалагандай “тарбиялап жатканы”,  таякеси машинеге сүйрөгөн 9 жашар баланын окуясы буга ачык мисал болуп бере алат” -деди Акыйкатчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Акыйкатчы институту менен Россия Федерациясынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү түзүлгөн Меморандумдун ошондой эле, Акыйкатчы институту менен “Балдар укугун коргоочулардын лигасы”  коомдук фондунун ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү түзүлгөн макулдашуунун негизинде бул багытта бирдиктүү күч-аракет жумшап, чогуу аракеттенүү зарыл деген пикирге келишти.