Акыйкатчы Токон Мамытов Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялады

14/11/2019 - 17:21

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялады, Адам укуктары күнү жыл сайын 10-декабрда, 1948-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнү белгиленет.

Бир айлык 10-ноябрда башталды, анын алкагында республиканын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында «Адам укуктарынын жалпы декларациясынын тарыхый мааниси», «КР Акыйкатчысынын (Омбудсмен) ишмердүүлүгү жөнүндө», «Жаңы жазык мыйзамдары боюнча кармалган шектүүлөрдүн укуктарынын камсыздалышы», «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы убактылуу кармоо изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатынын улуттук стандарттарын сактоо», «Балдардын укуктары» жана «Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгы», «Кыз ала качуу», «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар» ж.б. сыяктуу темаларда бир катар тегерек столдор уюштурулат.

Мындан тышкары жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар менен жана ЖОЖдордун студенттери менен тематикалык жолугушуулар жана викториналар уюштурулат жана  өткөрүлөт, ошондой эле бир катар аскер бөлүктөрүнүн жеке түзүмдөрү жана мөөнөттүү кызматтагы аскерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, адам укуктарын коргоо жана өз укуктарын билүүнүн чөйрөсүндө КР Акыйкатчы институтунун ролу тууралуу аскер кызматкерлерине дарстарды окушат. Мындан тышкары «Майыптыгы бар адамдардын укуктары» аталышында ЖОЖдор аралык викторина, ошондой эле «Мен жана менин укуктарым» деген темада окуучулардын дил маектерине конкурс өткөрүлөт.

Бир айлык 2019-жылдын 10-декабрында бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык сектор жана ММКлардын катышуусундагы укук коргоо коомчулугунун жыйыны менен соңуна чыгат.