Акыйкатчы Таласта жумушчулардын эмгек укуктарын коргоого жана кайра жумушка орношууга жардам берди
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Талас облусунун тургундары кайрылып, эмгек укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.
Арызга колгон койгон 21 кишинин кайрылуусунда, алар 5-16-январь аралыгында Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштешкен.
Жумушчулардын айтымында, аларды 16-январда эч кандай жүйөөсү жок эле иштен кетирип, ордуна 60ка жакын коңшу өлкөнүн жарандарын алышкан.
“Бизди жумушка алганда эмгек келишими түзүлгөн эмес. Бирок жумушка чыгуу журналы жүргүзүлүп турган, ошондой эле фото жана видео далилдерибиз бар. Биз Акыйкатчыдан эмгекке болгон укуктарыбызды коргоп, кайра жумушка орношууга көмөк көрсөтүп берүүнү суранабыз”, — деп жазышкан.
Акыйкатчы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынына, Мамлекеттик ипотекалык компанияга жана Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө расмий кат жолдогон.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын институтка берген жообунда алар үйлөрдүн курулуусуна буюртма берүүгө гана жооптуу экенин, ал эми курулуш иштерин мамлекеттик “Кыргызстройсервис” ишканасы жүргүзөрүн билдирген.
Ал арада үйдү куруп жаткан менчик компания алмашып, мурдагы ишкана январь айында ишин жыйыктыктап, курулушту улантууга башка ишкана тартылган.
Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунан кийин азыркы компания тиешелүү квалификациясы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болду.
Февраль айында арыз ээлери кайрадан жумушка алынганын маалымдап, көрсөтүлгөн көмөк үчүн Акыйкатчыга ыраазычылык билдиришти.