Акыйкатчы социалдык интернатта жашаган карылардын жана майыптыгы бар жарандардын укуктарын камсыздоого чакырат
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды социалдык стационардык мекемелерде жашаган карылардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырат.
Жамиля Жаманбаева алар калктын социалдык жактан аярлуу катмары катары өзгөчө коргоого муктаж экенин белгилейт.
Омбудсмен Институтунун алдындагы Кыйноолордун алдын алуу борбору Чүй облусундагы Нижняя Серафимовка карылар үйүнө мониторинг жүргүздү.
Мониторинг жүргүзүү учурунда жашоочулардын укуктарынын сакталышы, жашоо шарттары жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 15 улгайган адамдын паспорту жок экени аныкталды. Карылар үйүнүн жетекчилигинин айтымында, алардын тийиштүү документтери (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, каттоо жана башка маалыматтары) жок болгондуктан паспорт ала албай жатышат.
Карылардын бири - Н. Л. институттун кызматкерлерине паспорт алууга жардам сурап кайрылды.
«Мен Россияда төрөлүп, 1969-жылы Кыргызстанга көчүп келгенмин. Нарында куруучу болуп иштегем, азыр документтерим жок болгондуктан пенсияга чыга албай жатам», — дейт ал.
Социалдык кызматкер анын документтерин сурап, тийиштүү органдарга кайрылышкан. Бирок аялдын өздүгүн ырастаган маалыматтар архивден табылбай жатат.
Акыйкатчы Институту улгайган адамдарды паспорттоштурууга көмөктөшөт жана паспорттун жоктугу калктын аярлуу катмарынын укуктарын чектөөгө алып келип жаткандыгын белгилейт.
Медициналык жардамдын сапатына байланыштуу дагы даттануулар түштү.
М. Н. аттуу кары аял бутундагы жарасын көрсөтүп, медпункттун ишине нааразычылыгын билдирди.
Медайымдын айтымында, аял дарылоодон өзү баш тартып, дарыны күнүгө бөлбөй, анын колуна толук берүүсүн талап кылууда.
Мекеменин жетекчилиги жашоочулардын саламаттыгы такай текшерилип, зарыл болгон учурда ооруканаларга жеткирилип турарын билдирди.
Дагы бир маселе - карылар үйүндө эркек санитарлар жетишпейт. Жалаң эле аялдар иштеп, алар ордунан жылбай жаткан кары жана майыпты бар жарандарга дагы кам көрүүгө аргасыз. Айлык акынын аздыгынан (13 миң сом) эркектерди бул ишке тартуу кыйынга турууда.
Мекемеде коопсуздук чаралары көрүлүп, жашоочулардын дин тутуу эркиндиги сакталган.
Карылар үйүнүн аймагында мечит бар. Директордун айтымында, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөн жылдан бери умрага сапарлар уюштурулуп келет.
Учурда мекемеде 276 адам жашайт, анын 150сүнүн майыптыгы бар, 126сы – улгайган адамдар.