Акыйкатчы өз уулун катуу сабаган мекендешибиздин кармалышына жана жазаланышына жетишүү зарыл деп эсептейт

17/04/2020 - 15:56

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов физикалык көнүгүүлөрдү жасабаганы үчүн өз уулун аеосуз  сабаган мекендешибиз тууралуу жарык көргөн маалыматты өзгөчө көзөмөлгө алды. Акыйкатчы белгилегендей, анын кармалышын жана  укукка жат аракеттери үчүн сот алдында мыйзамга ылайык жазасын тартылышы үчүн аракетин көрөт.

Эске салсак, бүгүн 17-апрелде, бир катар социалдык тармактарда жана интернет булактарында жаш эркек батирде аялы жана кызынын көзүнчө өз уулун колу менен чаап, буту менен тепкилеп, ал аз келгенсип темир таяк менен чапкан видео тараган.   

Мындай жүрүм турум жол коюлгус, мыйзам боюнча катуу жазаланышы керек деп эсептейт, Акыйкатчы.

Акыйкатчы мындан тышкары, балага катаал мамиле жасоого ыктаган бул кишини мындан ары балага жакын жолотпой, аны ушул жашы жете элек баласынан жана башка калган балдарынан обочолонтуу керек деп эсептейт. Эч болбосо, бул атага соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусу чыкканга чейин балага жакын жолотпоо керек деген пикирде.