Акыйкатчы Оштогу балдар үйүндө болгон окуяга тынчсызданууда
КРнын Акыйкатчысы ( Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды.
Буга чейин, соцтармактарда Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн тарбиялануучусу сабалды делген видео тараган. Анда “Боорукердик” карылар үйүнүн кызматкерлери балдарга күч колдонуп, жашоочулар тарабынан ыдык көрсөткөнүн айтышкан.
Институттун Ош облусундагы өкүлчүлүгү видеодо айтылган маалыматты текшерүү үчүн, “Боорукерлик” жана “Лотоско” барып, андагы акыбалга мониторинг жүргүздү.
Белгилей кетсек, балдар үйүнүн чатырын 2024-жылдын июнь айында катуу шамал учуруп кеткендиктен убактылуу жабылып калган. Ага байланыштуу балдар Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн.
Ал жакта кышкы мезгилге шарт жок болбогондуктан “Лотос” балдар үйүнүн 9 тарбиялануучусун 2024-жылдын ноябрь айында “Боорукердик” карылар үйүнө убактылуу алып келип, кошуп коюшкан. 28-мартта өзүнчө имарат берилип, “Лотостун” тарбиялануучулары карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.
Институттун кызматкерлери барган учурда, укук коргоо кызматкерлери да жеринде иш алып барып жатышкан.
Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан карыя “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын 22-август айынан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Буга чейин, соттолгон.
Белгилей кетчү жагдай, “Боорукердик” мекемесинин короосундагы имаратта дагы бир балдар үйү жайгашкан. Анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.
Акыйкатчы Институту 2024-жылдын сентябрь-октябрь айларында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзүп, “Боорукердик” социалдык мекемесинде балдар менен чоң кишилердин жайгаштырылышына жол берилбеши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирген.
2024-жылдын 6-декабрында атайын тегерек столдун алкагында да Жамиля Жаманбаева ушул маселени көтөрүп, КР мыйзамдарында бир эле убакта балдарды жана улгайган адамдарды кармоочу социалдык мекемелердин түрү каралган эместигин эскерткен. Ал Ош шаарынын мэриясын көйгөйдү тезинен чечүүгө чакырган.
Азыркы учурда, “Лотостун” тарбиялануучуларына байланыштуу маалымат текшерилип, айрым фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси барларга укуктук баа берилет.
Акыйкатчы Институнун кызматкерлери жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын курамына кирди.
Сүрөт Акыйкатчынын Баткенге болгон иш сапарында тартылган.