Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын жаңы жазык мыйзамдары соттук-укуктук реформалардын алкагында» темасы боюнча тренингге катышышты

10/09/2018 - 15:28

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери  «Кыргыз Республикасынын жаңы жазык мыйзамдары соттук-укуктук реформалардын алкагында» темасы боюнча өткөрүлгөн тренингге катышышты. Аталган иш-чарага КР Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү да болушту. 

Тренингдин жүрүшүндө  «Жаза мыйзамдарын реформалоонун консептуалдык негиздери. Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодекси», «Кыргыз Республикасынын Жүрүм-турумдар жөнүндө Кодекси: жүрүм-турум түшүнүгү, жүрүм-турумдарды системалаштыруу, жүрүм-турумдар үчүн жаза, жүрүм-турум үчүн айыптоолордун укуктук кесепеттери», Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекси: мыйзам бузууларды системалаштырууда мыйзам бузуу түшүнүгү, мыйзам бузуу үчүн жазалоо. Жаңы жоболор», боюнча маселелер каралып, талкууланды. Бул темалар боюнча тренер- Жазык кодексин, Жүрүм-турумдар жөнүндө кодексти, Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Летова Ирина Витальевна болду.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинин негизги баяндоолору», «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси (концепциясы жана жаралышы)» темасынын тегерегинде талкуулоо жүрүп, модераторлук ишти ю.и.к., Жазык-процессуалдык кодексти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Кулбаев Аслан Касымалиевич алып барды.

Тренингди уюштурган жана демөөрчүлүк кылган ЕККУнун (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) Бишкектеги программалык офиси болду.