Акыйкатчы өкүлдөрү Ж. Баласагын атындагы КУУнун жогорку курсунун студенттери менен жолугушту

04/12/2019 - 15:48

Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын кабыл алынганын 71 -жылдыгына жана балдар конвенциясынын 30-жылдыгына карата, Акыйкатчы Токон Мамытовдун адам укуктары боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында, 2019-жылдын 4-декабрында Акыйкатчы аппаратынын Жарандык –саясий  укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин юридика факультетинин 3-4- курсунун студенттери менен жолугушту.

Акыйкатчы  өкүлдөрү Акыйкатчы институнун ишмердүүлүгү, аппаратта жасалып жаткан иш-аракеттер, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам жана жылдык жана атайын баяндамалар тууралуу айтышты.

Жолугушуу суроо-жооп таризинде өтүп, студенттерге чет- мамлекетте жүргөн Кыргызстандык эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укугун коргоо,  башка өлкөдө жабык мекемелерде камалып жаткан жарандарга жардам көрсөтүү жана экстрадициялоо, сот иштерине мониторинг жүргүзүү ж.б. иштер боюнча кеңири маалымат беришти.