Акыйкатчы мектеп окуучулары жана студенттер арасындагы "Адам укуктары биздин көзүбүз менен" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

28/12/2020 - 16:33

Бүгүн, 2020-жылдын 28-декабрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов №33 гимназия мектебинин окуучулар тобу менен жолугушту. Жолугушуунун аягында ал Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн «Адам укуктары биздин көзүбүз менен» эл аралык видео сынагына жигердүү катышкандыгы жана жеңиши үчүн 7 окуучуну ыраазычылык каты менен сыйлады. Башкы укук коргоочудан ыраазычылыкты алгандар: Данияр кызы Сабина, Малышенко Александра, Матыбаева Сайкал, Ким Мария, Новикова Ксения, Полотова Фирдаус жана Рахманбердиева Медина. Акыйкатчынын Ардак грамотасы №33 мектептин директору А.Сапаралиевага жана социалдык педогог, тарых мугалими О.Сайфутдиновага тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы Токон Мамытов жогоруда аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө адам укуктарына кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал, "бул эл аралык видео сынак Санкт-Петербургдагы (Россия Федерациясы) Адам укутары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Санкт-Петербург шаарындагы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир катар башка уюмдардын колдоосу менен уюштурулган" деп айтты. Ал эми Токон Мамытовго Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова аталган эл аралык сынак жөнүндө маалыматтык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине республиканын мектеп окуучуларын жана студенттерин маалыматтандырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды жана кулактандыруунун тексти Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын расмий сайтына жайгаштырылды.

Жыйынтыгында 100дөн ашуун окуучуга бул сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү берилди. №33 мектептин мугалими, долбоордун жетекчиси О.Сайфутдинованын айтымында, «Бул жети кыз биригип, видео жаратышты, ар бир кыздын өзүнүн ролу бар. Алардын арасында сценарист, актриса жана режиссер бар ". О.Сайфутдинова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовго берилген маалыматтык колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, окуучуларынын электрондук форматта алган сертификаттарын көрсөттү.

Маалымат үчүн: 2020-жылы сынак экинчи жолу өткөрүлүп, адам укуктары темасы барган сайын катышуучулардын көңүлүн буруп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Уюштуруучулар Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Белоруссиядан келген балдардан рекорддук сандагы чыгармаларды алгандыгын билдиришти. Сынакка катышкан жалпы видеотасмалардын саны - 1475 материалды түздү. Жалпысынан аларды жаратууга 5000ден ашуун адам катышкан, бул 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

17-декабрда сынактын уюштуруучулары, калыстар тобунун мүчөлөрү жана ардактуу коноктор (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы Элчилигинин канцеляриясынын (бөлүмүнүн) консулу Рустам Шерипбаев бар) түз эфирде адам укуктары боюнча эң мыкты 35 видеотасманы жарыялап, 80ден ашуун катышуучуну татыктуу жеңиши менен куттукташты. 35 мыкты видеотасмалардын катарында Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан турган топтун эмгеги болду. "Мыкты оюн видеотасмасы" номинациясы боюнча "Көтөрүлгөн теманын маанилүүлүгү үчүн" атайын сыйлыгы Бишкек шаарынын №33 гимназия мектебинин командасына ыйгарылды. Алар адам каза болуп калбаш үчүн өз убагында медициналык жардам көрсөтүү көйгөйүн чагылдырышкан.

 Калыстар тобунун курамында Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Санкт-Петербург шаарындагы Адам укуктары боюнча жана Ленинград облусундагы Балдардын укуктары боюнча өкүлчүлүктөрү кирген; Санкт-Петербург ш. институтунун Кино жана телекөрсөтүү өндүрүшү кафедрасынын доценттери,БУУнун сертификатталган адам укуктары боюнча машыктыруучусу жана балдарды зордук-зомбулуктан коргоочу "Street Law Kazakhstan" билим берүү долбоорунун улуттук координатору, ошондой эле акын, композитор жана продюсер Женя Глюкк, ырчы Саша Ртуть жана башка коомдук ишмерлер жана укук коргоочулар болгон.