Акыйкатчы лидер айымдар менен баарлашты

02/04/2022 - 11:49

1-апрелде КР Акыйкатчысы Атыр Абрахматова “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” коомдук фондунун окулдору менен жолугушту.

Лидер айымдардын окулдору менен жолугушууда Атыр Абдрахматова Акыйкатчы катары 7 багытта иш алпара турганын мерчемдегенин, анын ичинде:

– жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга даректүү салым кошуу:

– билим алуунун мамлекеттик кепилдиктерин сапаттуу жана жоопкерчиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү;

– жарандардын экономикалык эркиндигин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн колдоо пункттары бар экенин айтып, бул багыттарда аялдарга, жаштарга озгочо конул бурулушу керектигин белгиледи.

“Аялдардын социалдык, экономикалык абалы жакшы болсо алар эч качан озун кемсинтууго жол бербейт. Бактылуу аял гана бактылуу, ийгиликтуу коомду туптой алат”, - деди Атыр Абдрахматова.

Андан сырткары, Акыйкатчы Институту жакын арада элдин социалдык жолок пул алуусунун жеткиликтуулугуно мониторинг жургузорун, тиешелуу мониторингди “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” фондунун жер-жерлердеги лидер айымдары менен бирге жургузууну мерчемдешти.

Маалымат учун: “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” коомдук фонду жигердуу жарандык позицияны карманып, иш алып барган Кыргызстандагы саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан, айылдык жана шаардык кеңештердин ичинен чыккан депутат аялдарынын демилгеси менен 2012-жылы түзүлгөн. Аталган коомдук фонд чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын лидер болушуна көмөктөшөт. Уй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча иш жургузот. Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын дараметин жогорулатуу боюнча иштеп келишет. Бугунку жолугушууга аталган коомдук фонддун атынан Бибигуль Бупебаева, Гульжан Байбетова, Дамира Оморова, Алма Карсымбек катышты.