Акыйкатчы кызматкерлери Ош аскер гарнизонунун гаупвахтасына мониторинг жүргүзүштү жана 36806-аскердик бөлүктүн жоокерлери менен жолугушту

04/09/2019 - 10:50

2010-жылдын 3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ош шаардык  аскер прокуратурасынын кызматкеринин катышуусунда, Ош аскер гарнизонунун гауптвахтасынын абалын жана ал жерде кармалып турган жоокерлердин укуктарынын сакталышына мониторинг өткөрүштү.  

Гаупвахтанын абалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички жана гарнизондук кароол уставдарынын талабына жооп берет. Гаупвахтада кармалып тургандар үчүн 5 камера, бир тергөө бөлмөсү бар. Алар нускамада каралган эмеректер орнотулган. Мониторинг учурунда гаупвахтада эки жоокер кармалып турган.  Кармалып турган жоокерлер менен жекеме-жеке маектешүү өткөрүлдү. Маектешүүдө командирлери жана аларды кайтарып турган жоокерлер тарабынан алардын укуктары бузулбаганын билдиришкен.  Жаткан камералары жарык, бардык шарттар түзүлгөн жана тамак ашы өз убагында берилүүдө.

Мониторинг учурунда  Ош аскер гарнизонунун аскер аялдар кеңешинин төрайымы гаупвахтада кармалып турган аскерлердин абалынан кабар алып,  аларга аскер аялдар кеңешинин атынан тамак аш, мөмө жемиштерди тапшырып кетти. 

Андан кийин 36806 аскердик бөлүктүн жоокерлери менен бөлүктүн командири, аскердик прокурордун кызматекри жана аскер аялдар кеңешинин төрайымынын катышуусунда жолугушуу болуп, Акыйкатчы кызматкерлери тарабынан  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсменинин) ишмердүүлүгү жөнүндө жоокерлерге маалымат берилди ошондой эле жоокерлерди кызыктырган көптөгөн суроолоруна жооптор кайтарылып,  жолугушуу жылуу маанайда өттү.

Мониторинг БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын борбордук Азиядагы бөлүмүнүн колдоосу аркылуу КРнын Акыйкатчысы менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде Стажировка Программасынын алкагында өттү. Ага Акыйкатчынын Ош өкүлчүлүгүндө стажировкада жүрүшкөн Ош мамлекеттик жана Кыргыз Өзбек университетинин студенттери катышып, адам укуктарын коргоо боюнча практикалык тажрыйба алышты.