Акыйкатчы: Кыргызстан Евробиримдиктин өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташууда

15/09/2022 - 11:08

Жолугушууда 2021-жылдын сентябрында Брюссель шаарында өткөн акыркы диалогдон кийин Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын өзгөртүү маселелери талкууланды. Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстан демократияны өнүктүрүү боюнча эл аралык рейтингдерде жана биринчи кезекте региондогу өлкөлөрдүн арасында сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Бирок, эл аралык стандарттардан четтеген айрым учурлардан жана укук коргоо органдарынын ашыкча же шашылыш иш-аракеттеринен улам, өлкө бул жөнүндө дайыма эле ишенимдүү түрдө айта албайт. Акыйкатчы сөз эркиндигин жана тынч чогулуш эркиндигин чектөө фактылары көбөйүп жатканына, парламенттин көзөмөл функцияларынын солгундап баратканына жана Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө бут тосуу фактыларына тынчсыздануусун билдирди.