Акыйкатчы КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын VI жыйынына катышууда
Бүгүн, 2-апрелде КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Минск шаарында өтүп жаткан КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын VI жыйынына катышууда.
Жыйынга Беларусиянын, Кыргызстан, Россия жана Казакстандын улуттук укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Ал эми уюмга мүчө башка мамлекеттердин өкүлдөрү иш-чарага видео байланыш аркылуу катышышты.
Жамиля Жаманбаева үч темада баяндама жасады.
Акыйкатчы Кыргызстанда медициналык жардам алууда жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча да сүйлөдү.
“Жарандардын ден соолугун коргоо жана алардын медициналык жардам алууга болгон укугу негизги социалдык-экономикалык укуктардын бири болуп эсептелет. Кыргызстанда бул укук Конституциянын 43-беренесинде бекитилген. Өлкөдө жарандардын ден соолугуна кам көрүүнү ишке ашырууда алгылыктуу жылыштар байкалууда: медициналык шаарча куруу пландалууда, бейтаптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу гемодиализ ала башташты”, — деди Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева жарандардын ден соолукка болгон укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө Акыйкатчы Институтунун ролунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ал белгилегендей, 2025-жылы Акыйкатчы Институту медициналык мекемелерге 32 мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында 17 чара көрүү актысын жөнөткөн. Натыйжада, ооруканалардын имараттары оңдолуп, тамак-аштардын сапаты жакшыртылып, медициналык жабдуулар жаңыртылган.
Акыйкатчы өлкөдө эрте никеге туруунун алдын алуу жаатында КРнын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер, мониторинг жана анын жыйынтыктары, ошондой эле мыйзам демилгелери тууралуу бөлүштү.
“Өлкөдө никеге туруу үчүн жаш курак 18 жаш деп белгиленген. Ошого карабастан, эрте жана мажбурлап диний “нике” аркылуу катталган учурлар бар. Бул багытта алдын алуу иштерин жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу зарыл”, — деди Акыйкатчы.
Ошону менен катары эле, соттолгон адамдарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жолдорунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды.
Мындан тышкары, КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын эмблемасы бекитилди.