Акыйкатчы Канат Сагымбаевдин туугандарын кабыл алды

29/11/2019 - 14:54

Токон Мамытов Канат Сагымбаевдин (КР мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМК 9- кызматынын мурдагы кызматкери,  2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таштагы окуялардан улам камакка алынган)  атасын, жубайын жана кичүү инисин кабыл алды.

Жолугушуу учурунда К. Сагымбаевдин жубайы жашы жете элек 4 баланын энеси экенин, ден-соолугунун начардыгына байланыштуу иштей албасын, ошондой эле тийиштүү ишеним каттын жоктугунан күйөөсүнүн айлык маянасын ала албай жатканын Акыйкатчыга маалымдады.

Азыркы тапта Акыйкатчы институтунда К. Сагымбаевдин жубайынын кайрылуусун карап жатат, андан соң тийиштүү иш-аракеттер жасалмакчы.